7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

744

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү биргелешкен кыргыз-орус долбоорлорун колдоо иштери талкууланды.

Өкмөт башчы Марипов Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу экенин, эки өлкөнү тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турарын белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөрүн маалымдады.

Элчи Удовиченко өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экенин айтты.

745