7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Акыркы 4 жылда кыргыз милициясы үчүн мыкты шарттар түзүлүүдө

365

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар бизден мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылат. Ушундан улам, менин тапшырмамдын негизинде акыркы төрт жылда Кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Тоо аянтында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

«Биз адегенде эле өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасын чыңдап бердик. Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады. Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алпарууга толугу менен өттү», — деди өлкө башчы. 

366