Акыркы маалыматтар боюнча Испаниянын түштүк-чыгышындагы селден каза болгондор 158 адамге жетип, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ондогон адам дайынсыз болууда.
Куткаруучулар сууга аккан автоунаалар менен жабыркаган үйлөрдөн кишилерди издөө иштерин улантышууда. Күн мурун унаалардын жана турак жайлардын чатырларынан 70ге жакын киши куткарылганы маалым болгон. Куткаруу иштерине миңден ашык аскер кызматкери тартылды.
Бул жолку сел Испанияда 1973-жылдан берки эң чоң жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат.