7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

618

Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады.

«Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң.

Балбандарыбызды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм!» — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду. Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге. Ал эми, кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге, эркин күрөш боюнча 1 күмүш жана 2 коло байге.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619