“Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы, чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик”, — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө.
Мамлекет башчысы жер жүзүн каптаган КОВИД-19 пандемиясы, андан кийинки саясий окуялар дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына, коопсуздугуна бир топ терс таасирин тийгизип, күтүүсүз өзгөрүүлөр, чукул бурулуштар болуп жатканын белгиледи.
“Дээрлик бардык мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да жаңы коркунучтар, жаңы көйгөйлөр жаралды.
Алардын бири – коопсуздук маселеси. Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан соӊку окуялар ар бир кыргызстандыкты санаага салып, кабатырлантып келет. Ачыгын айтсак кагылышууларда кан төгүлүп, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган бул каргашалуу окуялардын башкы себеби – чек ара тилкелеринин толук чечилбей, узакка созулуп келишинен болду. Бүгүнкү күндө 3 коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Биз кыргыздын бир укум жери үчүн өмүрүн аябаган эр-азаматтарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз!
Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы, чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик! Себеби, бир карыш жер үчүн куралдуу кагылыштар чыгып, канчалаган күлгүндөй өмүрлөрдүн жайрашына, канчалаган ата-энелердин медер тутуп, тирек кылган уулдарынан ажырап, кан жутуп калышына мындан ары жол берилбеши керек! Эң башкысы – ата-бабалардан мурас калган кутман жерибизди урпактарга толук сактап, ушул бойдон өткөрүп берүү – негизги милдетибиз!”, — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.