7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дүйнөдөгү кырдаалдын курчушу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат»

328

«Дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын курчушу коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук Кеңешинин “ЖККУ алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” чечими кызматташтыкты союздаштыктын духунда мындан ары курууга болгон жалпы умтулууну айгинелейт», — деп президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык Коопсуздук кеңешинин чакан форматтагы сессиясында билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, ошондой эле ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды.

Садыр Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен Уюмдун потенциалын бекемдөө ишинде олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдор да сөз сүйлөштү. ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

329