Бүгүнкү Биринчи Элдик Курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеген, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын десем жаңылышпаймын. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн биринчи Элдик Курултайында кайрылуу жасап жатып билдирди.
«Байыркы көчмөн элдердин жашоо-турмушунда Элдик Курултай мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик башкарууну аныктоо, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөн. Биздин ата-бабалар ушул курултай институту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айланткан. Андыктан биз анын байыркы уңгусун бузбай, ошол эле маалда заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштырууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү Биринчи Элдик Курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеген, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын десем жаңылышпаймын. Элдик Курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун чыңдоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктардын айланасында коомду бириктирүүгө көмөктөшөт. Кыргызстан элин түзгөн коомчулуктардын пикирлешүүсүн жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн Элдик Курултай институту өтө орчундуу жана маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда кеңири коомчулуктун макулдашылган позициясын, чечимдерин карап, жаңы идеяларын өлкө жетекчилигине сунуштайт»,-деди өлкө башчы.
Курултайга өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Белгилей кетсек, Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.