Бүгүн, 24-августта Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкысын тапшырып жатып, мындан ары мугалим, медиктерди турак-жай менен камсыздоого көңүл бурула тургандыгын билдирди
“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып койушуңуздар керек”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.