7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Самарканддан кайтып келди (ФОТО)

385

Президент Садыр Жапаровдун Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады.

Саммиттин ишине ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Алар: Кыргыз Республикасы, Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы.

Бир катар өлкөлөр байкоочу жана ардактуу конок катары катышты.

Келгенден кийин Садыр Жапаров Өзбекстандын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун “Хазрати Хизр” комплексиндеги мүрзөсүнө гүл коюп, анын элесин эскерди.

Ушул эле күнү Кыргызстандын аймагындагы тилкеде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу кызматташтык Макулдашуусуна кол коюлду.

Андан соң, Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы Си Циньпин, Ирандын президенти Сайед Раиси, Россиянын Президенти Владимир Путин, Өзбекстандын Президенти Шафкат Мирзиёев жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ошондой эле, Президент башка өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге көчөт отургузуу аземине катышып, «Түбөлүк шаар» туристтик комплексин кыдырды.

ШКУнун Саммити өткөн күнү катышуучуларды тосуп алуу аземи, мамлекет башчыларынын тар жана кеңейтилген курамдагы жолугушуулары өттү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө лидерлери Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Ошону менен бирге ШКУнун Саммитинин алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери ок атышууну токтотуу жана согуштук линиядан күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүүнү макулдашты.

Бүгүн, 16-сентябрда, Мамлекет башчысы Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

386