Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуушудан жабыркаган жарандардын саны 55ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Саат 18:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар. Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 23 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек 22 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
4. Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу,
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
“Ошондой эле, 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет”,-деп айтылат маалыматта.