7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

538
Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болду.
Баткен облусунда мамлекет башчысы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк-2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.
Андан соң Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.
Иш сапарынын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров кичи жана чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539