7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Алайдагы памирлик кыргыздар менен жолугушту

2686

Президент Садыр Жапаров Алай районуна көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Ооганстан ислам республикасынын кичи жана чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысына өлкөнүн өкмөтү Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп бергендиги маалымдалды. Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген. Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган оогандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2687