7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Спортчуларыбыздын дүбүртү дүңгүрөп, таш жарып, жеңишке жетишсин!

279

33-Жайкы олимпиадада кыргыз спортчуларын ийгилик жылоолоп, Ата Мекенине албан жеңиштер менен кайтсын! Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирип, спортчуларга ийгилик каалады.

“Эл аралык Жайкы олимпиада оюндары дегенде баарыбыздын эсибизге эң алды оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, жөө күлүктөрүбүз Сатымкул Жуманазаров, Мария Кулчуновалар эске түшөт.

Өз мезгилинде СССРдин туусу менен чыгышса да, Кыргызстандын аты даңкталып, кыргыз спорту дал ушул спортчулардан башат алып, канчалаган муундарга азыр да өрнөк болуп, жалпы кыргызстандыктар спорт жаатында дал ушул инсандар менен сыймыктанып келебиз.

Эгемендикке ээ болгон жылдары өлкө өз алдынча болгону менен телчигүү жолунда бир топ кыйынчылыктарга кез келип, спорт тармагына тиешелүү деңгээлде көңүл бура албаганыбыз белгилүү. Ошентсе да Испанияда өткөн олимпиадада Талант Дүйшөбаев агабыздын алтын медалы кыргызды Кудай колдоп, Кызыр даарып, жогоруда аты аталган спортчулардын жолун улагандыгынын кашкайган белгиси десек болот.

Андан кийинки олимпиада оюндарында бирде жеңилип, бирде жеңип олтуруп, Пекинде өткөн олимпиадада Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев балбан инилерибиз чымыркана күрөшүп, күмүш, коло медалдарды багындырышып, кыргыз спортунун жылдызы кайрадан жанган эле.

“Бак бир келет, бакпасаң кетет” деген чын. Андан кийинки олимпиада оюндарына катышуу укугун алуу кыйынчылыкка турду, бизге ийгилик жылмайбады.

Урматтуу мекендештер!

Ошентсе да, Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк, ата-бабаларыбыздын, Айкөл Манас баатырдын беттегенин бербеген көктүгү урпактарга кан менен өтөт көрүнөт, намыска жарап, кыргыздын туусун бийик желбиреткен спортчуларыбыздын саны барган сайын арбып барат.

Кыргыз спортуна оомат эми келди.
Ушул келген бактыбызды бапестеп багып алышыбыз керек!

Түндүгүнөн күн нурлары чачыраган кызыл туубузду желбиретип аттанган 16 спортчубузду Жараткан жалгай көр. Жети миллион элибиздин үмүт-тилегин бере көр.

Алла Таала эгемен Кыргызстандын атынан катышып жаткан эр-азаматтарыбыз менен намыска бекем кыздарыбызга күч-кубат берип, Ата Мекенибиздин намысына жарата көр.

Спортчуларыбыздын башына бак конуп, ийгилик жылоолосун.

Спортчуларыбыздын дүбүртү дүңгүрөп, таш жарып, жеңишке жетишсин.

Кыргызстаныбыздын ооматы артсын!

Алга Кыргыз спортчулары!”,- деди өлкө башчы.

280