7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жол кыймылына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

584

Президент Садыр Жапаров ИИМ жетекчилигине жалпы республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

“Бул чечим жол кыймылы эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пул өлчөмү көбөйтүлгөн тиешелүү мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Ошондой эле айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошону менен бирге президент жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырат”, — деп жазды ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585