Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирээт сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тажик тарап расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот.
Тажикстанга кирүү жана чыгуу боюнча керектүү маалыматты жана консультацияларды алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин ишеним телефондоруна жана элчиликке кайрыласыздар.