7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президентке эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу кат жазса болот

7

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Президентке кайрылуу» жаңы кызматы иштей баштады. Анын жардамы менен Кыргызстандын жарандары Садыр Жапаровго түз электрондук кайрылуу жөнөтө алышат.

Иштеп чыгуучулардын билдирүүсүндө, бул сервис жарандардын мамлекет башчысы менен болгон байланышын жөнөкөйлөтүүгө жана бюрократиялык процедураларды кыскартууга багытталган.

Эми кайрылуу жолдоо үчүн кагаз жүзүндө арыз жазып, аны почта аркылуу жөнөтүүнүн же президенттин администрациясына жеке баруунун кажети жок. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук форматта кабыл алынат.

Колдонуучулар кайрылууга расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка тастыктоочу материалдарды тиркей алышат. Жөнөтүлгөндөн кийин арыз расмий каттоодон өтөт, ал эми арыздануучу анын каралуу статусуна көз салып тура алат.

Жаңы кызматты колдонуу үчүн «Түндүк» тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңылап, башкы беттеги «Президентке кайрылуу» бөлүмүн тандоо керек.

8