7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги дагы эки тарыхый имарат өзгөчө макамынан ажыратылды

183

Министрлер кабинети Бишкектеги дагы эки объектини республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарды. Алар Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги Республикалык көз клиникасынын имараты, ошондой эле Ахунбаев көчөсү 90 дарегинде жайгашкан Туберкулез институту.

Тийиштүү токтомго Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев 3-июлда кол койгон. Документ расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эки имарат тең борбор калаанын медициналык инфраструктурасынын тарыхы менен байланыштуу. Көз клиникасы 1939-жылы курулуп, шаардагы алгачкы адистештирилген медициналык мекемелердин бири болгон. Ал эми Туберкулез институтунун имараты 1949-жылы тургузулган. Ондогон жылдар бою алар Бишкектин архитектуралык көрүнүшүнүн бир бөлүгү болуп, тарых жана маданият эстеликтери макамына ээ болуп келишкен.

Буга чейин минкаб Чыңгыз Айтматов проспектиси 95 дарегиндеги «Кыргызстан Аба Жолдору» авиакомпаниясынын имаратын (мурдагы «Аэрофлот» агенттиги), ошондой эле Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1980-жылдары курулган жайкы аянтчасы бар улуттук кафенин имаратын да эстеликтердин тизмесинен чыгарган.

184