7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин чечими менен быйыл согуш ардагерлерине 100 миң сомдон жардам берилет

505

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 4 млн 141 миң сом бөлүү тапшырылды:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;

–1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана

«За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга.

506