7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмаларынан улам ИИМ ыкчам жыйын өткөрдү

1028

Президенттин тапшырмаларынан улам ИИМ ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда Садыр Жапаров ИИМге өлкөнүн ички иштер министрлигине жол коопсуздугун сактоо боюнча кескин чараларды көрүү, мас абалында, баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды уюштуруу жана жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген.

Аталган жыйынга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилик курамы, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчилери катышты.

Улан Ниязбеков Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, жол коопсуздугун сактоодогу кемчиликтери, адам өмүрүнө кайдыгер иши үчүн кызматынан айдалуу гана эмес кылмыш жоопкерчиликке тартыла тургандыгын катуу эскертти.

“Бүгүндөн баштап үч смен менен иштейсиңер. Ар бир кызматкерге өзүнө тиешелүү участокторду бекитесиңер. Ар бир айылдын кире бериш, чыга беришинде, ичинде кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзсүн. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараты толугу менен жолго чыгасыңар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолдорду түн ичинде жарыктандырууну тезинен колго алуу керек. Бирок ошол эле учурда туристтерге өзгөчө сылык мамиле кылууну, сервистик кызмат көрсөтүүнү күчөтүүнү тапшырамын. Бирок алардын арасында мас абалында автоунаа айдагандар бар болсо, анда аларга мыйзам чегинде чара көрүү керектигин эскертемин. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, мыйзамдарды одоно бузгандарга катуу чара көрүү керектигин белгилеймин. Кыска мөөнөттүн ичинде жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында кардиналдуу өзгөрүүлөргө барбасаңар, жолдогу коопсуздукту сактоодо тиешелүү деңгээлде чара көрө албасаңар силердин ишмердүүлүгүңөргө баа берилет, иштей албасаңар анда кетишиңер керек. Жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо жана адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу үгүттөө, пропаганда иштеринин сапатын жогорулаткыла. Өзүңөрдүн жетекчилик курам, кызматкерлер жана ардагерлер менен атайын телекөрсөтүүлөрдү, радио маектерди уюштурууну колго алгыла, атайын роликтерди чыгаргыла. Жол коопсуздугун сактоо боюнча өткөрүлүп жаткан ар бир рейддик иш-чаралардын максаты мас абалында же баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо жана аларга карата катуу чараларды көрүү болуп эсептелет. Биздин максат жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу экендигин бириңер да эсинерден чыгарбагыла, бул менин силерге болгон акыркы эскертүүм”, — деди ал.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1029