7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профицит: Пандемияга карабастан Кыргызстанда экономикалык өсүш 101,6%ды түздү

639

Пандемияга карабастан, өлкө акыркы эки жылда биринчи жолу оң экономикалык өсүшкө жетишти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 556,6 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 101,6%ды түздү. Ал эми 2020-жылдын январь-октябрында ал 92,7%ды түзгөн. Жыл аягында өсүш темпин 3%га чейин камсыз кылуу пландалууда. Бул Кыргызстандын кризистен акырындап чыгып баратканын жана экономиканын калыбына келе баштаганын билдирет. Ал эми 2022-жылы “көмүскө” экономикадан мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттарды тартып, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу менен өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалууда.

Ал эми республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрү боюнча алдын ала маалыматтарга караганда, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 162,0 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2021-жылы бюджеттин жалпы кирешеси 46,8 млрд сомго өскөн.

Аталган мезгилге түшкөн салыктын көлөмү 118,8 млрд сомду же план боюнча 100%ды түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу кирешелер 37,3 млрд сомго көбөйгөн, алардын ичинен:

  • Мамлекеттик салык кызматы боюнча — 77,4 млрд сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 21,8 млрд сомго көбөйгөн;
  • Мамлекеттик бажы кызматы боюнча — 41,4 млрд сом. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги деңгээлге салыштырмалуу 15,9 млрд сомго көбөйгөн.
  • Салыктык эмес кирешелер 36,5 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалу салыктык эмес кирешелер 11,1 млрд сомго көбөйгөн.
  • Республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 161,6 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгашалары 25,7 млрд сомго көбөйдү.

Жалпысынан республикалык бюджет, жалпы кирешелер жана жалпы чыгашаларды эске алганда 334,0 млн сом профицит менен аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилинде таңкыстык 17,0 млрд сом деңгээлинде болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640