7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райым Матраимовдун каты фейк болуп чыкты

676

Социалдык тармактарда тараган Райымбек Матраимов СИЗОдон жазды делген кат фейк болуп чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал Асхат Осмонов деген жаран өзү жазып, таратып жатат деп божомолдогон.

«Осмонов 2020-жылдан кийин бийликти сындап, жалган билдирүүлөрдү таратып, адепсиз кайрылуулары менен таанымал болчу. Кийин Америкага чыгып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Учурда Америкадан саясий баш паанек алыш үчүн, мурдагыдай адатын карматып, жалган маалымат таратып жатат», — деп жазат ал.

Ошондой эле Орунбеков Матраимов кат жазып таратса, Америкада жаткан Асхат Осмонов эмес, адвокаты аркылуу жарыяламак деп кошумчалап, коомчулукту мындай апыртмаларга ишенбөөгө чакырып, бул жалган фейк маалымат деп белгиледи.

Ал арада Райымбек Матраимовдун иниси Мирланбек Исмаилов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кат менен кол тамга анын тууганына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

677