7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райымбек Матраимов депозиттик эсепке жалпы 807,3 миллион сом которду

151

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 9-декабрга карата экономикалык мунапыстын алкагында Финансы министрлигинде ачылган депозиттик эсепке жалпы 807,3 млн сом которду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине аталган министрликтен кабарлашкан.


Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-октябрында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда Кыргызстанда 30 күндүк экономикалык мунапыс жарыялаган.Анын алкагында депозиттик эсепке ачылган. Учурда ал эсепке жалпы 912,1 млн сом түшкөнү кабарланды. 8-декабрга карата 773,4 млн сом Матраимов тарабынан которулган. Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгону айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

152