7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Айгерим: «Кыргыз кыздарынын аруулугун жана сулуулугун дүйнө жүзүнө даңазалайм»

1604

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышат. Бул кубанычтуу жаңылыгы менен ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

«Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу калкым! Россия федерациясынын Сочи шаарында өтүүчү дүйнөлүк сулуу айымдардын “LADY OF WORLD” “ДҮЙНӨ АЙЫМЫ” сынагына сапар алганы турам. Бул сынака 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышат. Ушул күнгө чейин элим үчүн, жерим үчүн ак эмгегимди жумшап аракеттенип келем. Азыр эми жаркын тилегиңер менен ак батаңыздарды жайып, мага бул кароо сынактан жеңишке жетүүгө өбөлгө болуңуздар! Сиздердин колдооңор мен үчүн абдан маанилүү. Кыргыз элимдин ар намысын бийик тутуп болгон күч аракетимди жумшайм! Дүйнөлүк “LADY OF WORLD” сынагына Кыргызстан мамлекети биринчи жолу катышкан турат. Ошол биринчилерден болуп бара жатканыма сыймыктанам жана жоопкерчиликти туюп турам. Буюрса кыргыз кыздарынын аруулугун, акылмандуулугун жана эн башкысы сулуулугун дүйнө жүзүнө даңазалайм!»,- деди ал. 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1605