7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана Эрлан Бекчоро уулу эки айга камакка алынды

1136

«Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналган саясатчы Равшан Жээнбеков, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, «Ата Мекен» партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева эки айга камакка алынды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-октябрындагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу Асия Сасыкбаева менен Равшан Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2022-жылдын 20-декабрь күнүнө чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21-мекемесине камакка алынды.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ушул жылдын 25-октябрдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу Эрлан Бекчоро уулуна карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2022-жылдын 20-декабрь күнүнө чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнин №21-мекемесине камакка алынды»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1137