7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Сабиров «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

264

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн пресс-кызматы маалымдады.


УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68% бүтүп калды.


Вице-премьер-министр «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.


Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.

«Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт», — деди Равшанбек Сабиров.


Вице-премьер-министр «Ак-Жол — Автожол» пункттун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетүүчү жагдай, көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизацияло, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул «Ак-Жол — Автожолдон» жарандардын өтүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт. Өткөрмө жайын модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265