7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Раззаков шаарында баасы 55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

442

Раззаков шаарынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкесин мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле жеке менчик мектепке чейинки мекеме иштейт.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкесинин ээси жалпы баасы 54 млн 859 миң сомду түзгөн жер тилкесин Раззаков мэриясынын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.

 

443