7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сөгүнгөн жетекчи менен иштеше албайм!», Бишкектин вице-мэри иштен кеткенин кабарлады

23867

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева иштен кеткендигин видео кайрылуу аркылуу,  өздүк баракчасында кабарлады.

Анда айтылган маалыматка ылайык, вице-мэр жетекчиси менен тил табыша албай калгандыгынан кетүүгө мажбур болгон.

«Кол алдындагыларды урушкан, сөгүнгөн жетекчи менен иштеше албайм. Азыр ден соолугума карайын деп чечтим»-дейт Чыныбаева.

Бул тууралуу азырынча мэриядан жооп боло элек. Бирок, расмий кайрылуу болоору менен маалымат толукталат. Экинчи тараптын пикирин алууга мүмкүн болушунча аракет кылуудабыз.

Эске салсак ал, 2020-жылдын октябрь айында «Бир-Бол» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин, жаштардын атынан Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалган болчу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

23868