7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктүдөгү шахтада эки адам газга ууланып каза болду (ВИДЕО)

266

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада эки кенчи газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барып, газга ууланган эки адамды шахтадан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок дарыгерлер алардын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Каза болгондор Сүлүктү шаарынын 23 жана 63 жаштагы тургундары экени маалым болду.

Белгилей кетсек, ушул окуя менен кошо март айынан бери Баткен облусундагы шахталарда каза болгондордун саны беш адамга жетти.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

267