7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беларустун премьер-министри Александр Турчин иш сапары менен Кыргызстанга келди

287

Беларустун премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Александр Турчин Бишкек шаарына келди. «Манас» Эл Аралык Аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

Кыргызстан менен Беларустун дипломатиялык мамилелеринин көп жылдык тарыхында бул Беларустун премьер-министринин Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Сапардын алкагында Александр Турчин президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушат.

Мындан тышкары, ал кыргызстандык кесиптеши менен биргеликте беларус-кыргыз бизнес-форумунун ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын бир катар өндүрүш ишканаларына баруу пландалууда.

288