7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк регион боюнча 120 тренер даярдалууда

268

Агартуу министрлигинин демилгеси менен мектепке чейинки билим берүү боюнча жаңы мамлекеттик стандарттарды жайылтуу үчүн тренерлерди даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында өлкө боюнча 250 тренер даярдалып, алардын жардамы менен 6000 тарбиячынын квалификациясы жогорулатылат.

3-июнда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген 120 педагог жана адис үчүн окуу өткөрүлдү. Окутуулар жаңы билим берүү стандарттарын натыйжалуу ишке ашырууга жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Ага Хан фонду тарабынан биргелешип уюштурулууда.

269