Сабырбек Жумабеков кайрадан 4-оорукананын директору болуп дайындалышы мүмкүн. Бул маселени Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова карап жатканын жыйында билдирди.
«Сабырбек Жумабековдой кадрлардын тажрыйбасын пайдаланып, эмгегин баалашыбыз керек. Борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгү Улуттук госпиталга, экинчилери Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кетишти. Мен травматологдорду чогултуп, бул маселени кайра карап чыгуу керек деп ойлойм», — деди ал.