7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АКШ сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

469

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды.

Эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Сенатор менен салам алышкандан кийин Мамлекет башчысы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга жасаган сапары ийгиликтүү болуп, эки өлкө менен элдердин ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан “C5+1” (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде АКШ сенатору Стив Дэйнс Мамлекет башчысына Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Стив Дэйнс Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

470