7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров башкы прокурор менен экология министрине сөгүш жарыялады

357

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, президенттин администрациясынын комиссиясы Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленгендей, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактылар тастыкталганын билдирди.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары, Башкы прокурорго Башкы прокурордун орун басары Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго жана Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.

Маалымат үчүн:

Комиссиянын курамына Президенттин Администрациясынын төмөндөгү кызматкерлери кирди:

Мурат Укушов – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;

Осмонов Азамат – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;

Нурлан Сулайманкулов – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Азамат Апсатаров – Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы.

 

358