7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Берлинде «ФРГ – Борбор Азия» саммитине катышат

608

Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда. Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда», — деп билдирди Азымбакиев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609