7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

234

Президент Садыр Жапаров 28-январда эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Эл аралык Түрк академиясы, ТҮРКСОЙ, Европа Биримдиги, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, КМШнын Аткаруу комитети, Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери, өкүлдөрү келишти.

Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин жетишилген эки жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, бардык эл аралык милдеттенмелерди аткарып келгендигин, мындан ары да аткара берерин белгиледи.

Эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттукташты.

Алар алдыда турган милдеттерди комплекстүү чечүү үчүн тыгыз кызматташууга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр экендигин айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

235