7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

555

Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат.  Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556