7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

626

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы “Борбор Азия – Европа Биримдиги” лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627