Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын тар курамдагы кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого кызыктар экенин баса белгиледи.
Садыр Жапаров соода-экономикалык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле энергетика, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика, санариптик экономика жана инновациялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Муну менен катар мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн келечегин да белгиледи. Жапаров КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Ошондой эле, өлкө башчы 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан шериктештикти чыңдоого мындан ары да салым кошууга даяр экенин баса белгиледи.
Андан соң мамлекет башчылары кеңейтилген курамдагы жыйын өткөрүштү.
Ага Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле ардактуу конок катары Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.



