7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Римге барды

434

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Италиянын Рим шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италия тараптан Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан Сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан — Ыйык Тактынын Архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын Протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Италияга жана Ыйык тактыга (Ватикан) жасаган сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар Палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

435