7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева Апрель революциясынын баатырларын эскеришти

1165

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына куран окулду.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1166