7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов каза болду

879

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жергиликтүү басылмаларга тастыктаган.

Маалыматка ылайык, Туманов кечээ, 6-апрелде көз жумган.

Аалиевдин айтымында, Туманов үйүндө дарыланып жаткан жана абалы начарлаганда 1-апрелде ооруканага жаткырылган. Бейтап пневмонияга чалдыккан. Ооруканага келгенде абалы оор болчу.

Маркум 2018-жылы октябрь айында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.
2010-жылы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880