7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркмөнстандагы форумга катышуу үчүн конгресс-борборго келди

331

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган “Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келди.

Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Форумга Армения, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Сан-Томе жана Принсипинин, Өзбекстандын президенттери, өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар катышууда.

332