7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцтармакта улут аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган жаран кармалды

390

Социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдүн автору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат социалдык тармактарда чагымчыл билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган жаранды аныктады.

Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн.

Тактап айтканда, блогер тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.

Мындан улам «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

391