7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ташкенттеги Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

605

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкенттеги “Янги Узбекистон” паркындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Эстелик 2021-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тургузулган. Монумент өзбек элинин байыркы тарыхын, белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, полководец жана илимпоздордун сүрөттөрүн чагылдырат.

Эстеликтин алдыңкы бөлүгүндө көк купол, ал эми күмбөздүн астында өзбек элинин үч миң жылдык тарыхын хронологиясы менен сүрөттөгөн рельефтик дубал жайгашкан. Рельефтик дубалда өзбек элинин биздин заманга чейинки терең тарыхы кыскача баяндалган.

 

606