7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров туугандарын бийлик бутактарына жолотпоону убадалады

618

Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакын санаалаштарынан эч кимди кийлигиштирбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.

«Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, анализдеп турат. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок, менде андай катачылыктар болбойт. Анткени, биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шоопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров 80 пайызга жакын добуш алдыга озуп чыкты. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619