7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолугушту

369

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Садыр Жапаровдун Москвага расмий сапарынын программасы жыш жана мазмундуу болгонун канааттануу менен белгиледи.

“Бүгүн Сиз Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз. Алар эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары тереңдетүү боюнча жетишилген макулдашуулар жагынан абдан жемиштүү, мазмундуу жана конструктивдүү болгонун билебиз. Биз, сенаторлор, бул ишти алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасоого даярбыз деп ишендиргим келет”, — деди Валентина Матвиенко.

Ошону менен бирге, Россиянын Федерация Кеңешинин Төрайымы Кыргызстандын Президентине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди, Россиянын жана Кыргызстандын элдеринин ата-бабаларынын эрдиктерин сактоодо мамлекеттердин биримдиги эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өзгөчө духун белгилейт.

Валентина Матвиенко согуштун сыноосунан өткөн орус-кыргыз достугу көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоонун ишенимдүү пайдубалы экенин баса белгиледи.

Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы өз сөзүн жыйынтыктап, Кыргызстандын президентинин бул сапары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө чоң түрткү берерин айтты.

Садыр Жапаров өз кезегинде Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

“Биз россиялык кесиптештер менен ар дайым чоң ырахат менен жолугушабыз, бардык маселелер боюнча ар дайым толук түшүнүшүү табабыз. Бай саясий диалогдун аркасында кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүдө позитивдүү динамика сакталууда”, — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди сактоодо жана чыңдоодо маанилүү тышкы саясий ресурс катары парламенттик дипломатиянын ролуна жогору баа берди.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы анын расмий сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

370