7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

389

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу юристтер жана жалпы эле юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

“Ар бир кесип ардактуу” дейбиз, ошентсе да сиздердин кесибиңиздер эң байыркы замандардан тартып, адам баласы узанган маанилүү кесиптердин бири болуп келген. Ошондон тарта юристтерге адам баласынын эркиндигинин жана адилеттүүлүктүнбийик идеалдарын коргоо милдети жүктөлүп келет.

Сиздердин кесип адам тагдырына болгон чоң жоопкерчилик, ар-намыс, абийир-ариет менен тыгыз байланышкан.

Күнүмдүк ар бир чечимиңиздер – акыйкаттыктын, азаттыктын жана мыйзам алдындагы теңчиликтин кепилдиги болуп саналат. Мындан улам, коомдун жана ар бир жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, укуктук маданиятты жаратууга, кара кылды как жарган калыстык жана чынчылдык ынанымдарын бекем кармануу менен укуктук мамлекетти түптөөгө, демократиялык принциптерди калыптандырууга, аны андан ары өнүктүрүүгө дал ушул кесип ээлери олуттуу салым кошуп келатканын баса белгилейм.

Азыркы өнүккөн заманга жараша кесипкөйлүгүңүздөрдү арттырып, жарандык жигердүү позицияңыздарды бекемдеп, кынтыксыз аброй күтүү менен мындан ары да эгемен мамлекетибиздин туруктуулугун жана өлкөбүздө мыйзамдуулукту чыңдоо үчүн ак кызмат өтөй берериңиздерге ишенем.

Мыйзамдуулукту туу тутуп, укук үстөмдүгүн бекем кармануу менен жалпы Кыргызстан элине кылган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, демдүү күч-кубат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!”.

390