7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖМКларга билдирүү жасады

559

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Президент салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты. Саясий, экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык маселелердин кеңири спектри талкууланды.

Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү жыйынтыгы катары — эки өлкөнүн элдеринин түпкү таламдарына жооп берген Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы келишимге кол коюлушун атады.

Экономика, соода, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды. Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңы өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара маселелери каралды. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бул иш-чаралар, албетте, эки тараптуу сооданын жогорулашына жана айрым учурда унаа тыгыны байкалган өткөрүү пункттарындагы тыгындарды жоюуга жардам берет. Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров тараптар мамилелердеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү бекемдеп, аларды стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка ылайык жаңы сапаттык мазмун менен толуктай алды, деген ишенимин билдирди.

 

560