7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жумушсуз жүргөндөргө керектүү сунуш айтты

554

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Өлкө башчы соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жаткандыктан акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын айтты.

«Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот). Иш боюнча суроолоруңуздарга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет»,- деди Жапаров.

Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү). Байланыш телефону: 1899.

 

555