7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Бельгияга болгон иш сапары аяктады

303

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгия Королдугуна (Брюссель) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында  Мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. 

Андан кийин Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Тараптар кеңири чөйрөдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуунун келечеги, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. 

Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. 

Ошоле эле Брюсселде Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барды. 

Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды —  биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды — жеткирүүнү координациялайт. 

ERCC суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Ал улуттук бийликтердин же БУУнун органынын өтүнүчү боюнча ири табигый кырсыктан жапа чеккен ЕБ ичиндеги же тышындагы каалаган өлкөгө жардам бере алат. 

Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 25-июндан 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди.

 

 

 

 

 

 

  

 

  

 

 

 

 

 

304